Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жалпы эле ар кандай керектөөлөргө пайдаланылуучу курал-шайман, жабдык. Жарагы барбы Токоңдун, Өлгөндү жерге көмүүгө? (Токтогул). Камдашып жолдошуна жарак аспап, Шаттанган эмгек үнү күлүп шак-шак (Бөкөнбаев). Ээр токум, ат жарак, баарысынан айрылып («Манас»). 2. Согуштук куралдар, жоого каршы колдонулуучу курал. Кылыч, мылтык жарагы бар, Чолок сары тон кийген (Бөкөнбаев). Колундагы таякпы же жаракпы, ажырата албадык (Жантөшев).